Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

18:26 Тоң районунда болгон селден дыйкандар түшүмдөн кур жалак калышты


Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Канатбек Арпачиев 15 гектар арпа, 10 гектардан ашык буудай, 4 гектарга жакын картошка, жер-жемиштер жана ошондой эле кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен дагы 12 гектар керектен чыкканын билдирди. Канатбек Арпачиевдин айтуусунда айыл аксакалдары Зандан, Акташ деген ойдуңдардагы көлчүктөр кооптуу экенин эскертишкени менен, аларды тазалоо жүргөн эмес. Ал эми 20 куб. келген кыян суунун кесепети так ушул көлмөлөрдүн ашып кеткенинен келип чыкканын райондук өзгөчө кырдаалдар адиси Айбек Сатыбалдиев дагы ырастады. Учурда табылбай аткан 5 жашар баланын сөөгүн жана Туурасуу менен Темирканат айылдарынын ортосундагы автожолго кирген кыяндын себептерин атайын комиссия иликтеп атат. (RB)

XS
SM
MD
LG