Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Кытай Эл аралык мунапыс уюмунун сынын четке какты


Аталган уюм өзүнүн соңку докладында Кытай Олимпиада алдында адам укуктарынын абалын жакшырта албаганын билдирген эле.Эл аралык Мунапыстын маалыматына краганда, акыркы бир жылдын ичинде өкмөттүн башкааланы "тазалоо" кампаниясынын алкагында миңдеген адамдар, анын ичинде активисттер менен реформачылар камакка алынды. Алардын көбү соттун чечимисиз эле "тарбиялык кара жумушка" чегерилди. Эл аралык мунапыстун отчетунда ошондой эле кытай бийликтери тарабынан кээ бир чет элдик журналисттер куугунтукталганы да белгиленген. Ал эми Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ли Цзяньчао Пекиндеги бүгүнкү маалымат жыйынында укук коргоочулар Кытайга карата "адилет жана обьективдүү" мамиле жасаш керектигин белгиледи. Пекин Олимпиадасы он күндөн кийин ачылат.

XS
SM
MD
LG