Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

7:45 “КырКазГаз” мыйзамсыз курулган жаңы конуштарды түрттүрүү тууралуу арыз менен сотко кайрылат


“КырКазГаз” ишканасы магистралдык газ түтүктөрү жайгашкан аймактарга курулган үйлөр чоң коркунуч жаратат, деп эсептейт. Аталган ишкана тараткан маалыматка ылайык бул түтүктөрдөн жогорку басымдагы газ өтөт, мындан тышкары түтүктөрдүн иши бат-бат текшерилип турууга тийиш. Эрежеге ылайык магистралдык газ түтүгү өткөн аймакта 150-200 метрге чейинки аралык коргоо аймагы деп эсептелип, бул жерге турак-жай эмес, деги эле курулуш курууга мүмкүн эмес, бирок буга карабай 2002-жылдан бери мындай аймактардын баарына турак-жайлар курулуп жатат, деп маалымдайт басма сөз кызматы. “КырКазГаз” ишканасы “Акбата”, “Дордой-2”, “Акжар”, “Аалам” жана “Алтын казык” жаңы конуштарынын магистралдык газ түтүгү өткөн аймагына курулган курулуштарды түрттүрүү өтүнүчү менен сотко кайрылмакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG