Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

8:00 Анвар Артыков: Тышкы карыз Кыргызстанды кулагына чейин сазга отургузду


Белгилүү оппозициячы мурдагы бийликтин тушунда алынган 2 млрд долларга чукул тышкы карыз өлкөгө эмне пайда апкелгени белгисиз, ал акчанын көпчүлүгү ошол долбоорлордун эксперттери үчүн жумшалган, деп белгиледи “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда. Анвар Артыковдун айтуусунда кредит алуу менен бутуна туруп кеткен жарандар өтө эле аз болду. Мындан тышкары Кыргызстандын айыл чарбасын, экономикасын өнүктүрүү үчүн берилген кредиттердин сууга сиңгендей пайдасыз жоголуп кеткендигине азыркы учурда бийликте отурган жогорку мамлекеттик кызматкерлер да жооптуу. Ошондой эле Кыргызстандын көз карандысыз экономикалык саясатынын жоктугу да буга өбөлгө түзүп жатат, дейт Анвар Артыков.(ZKo)

XS
SM
MD
LG