Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Босниялык сербдердин мурдагы жол башчысы Радован Каражич бүгүн алгачкы жолу Гаагадагы согуш трибуналынын отурумуна алынып келинет


Каражич Белграддан Гаагага шаршемби күнү эртең менен жеткирилген. 1992-95-жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин лидери болгон Радован Каражич геноцид жана башка согуш кылмыштарын жасаган деп айыпталууда. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миң мусулман массалык түрдө кырылган. Радован Каражич өң-келбетин жана документтерин өзгөртүп, 13 жыл бою карматпай келген.

XS
SM
MD
LG