Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

14:45 “Электр тармактары” кышында эң көп электр кубаттуулугун өткөрүүгө даярданууда


Учурда Токтогул, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтеринин гидроагергаттары жана Бишкек, Ош шаарларындагы ТЭЦтердин турбогенераторлору жана казандары оңдоо иштеринен өтүүдө. “Электр тармактары” акционердик коомунун басма сөз кызматы маалымдагандай, быйыл суунун көлөмү аз болгондуктан жана гидроэлектрстанцияларына анча көп оорчулук түшпөгөндүгүнө байланыштуу оңдоо ишинин тартиби түзүлгөн. Ички рынокто электр жарыгы 93 пайызга төлөнүп жатканы менен ишкананын финансылык абалы начарлоодо. Бул ГЭСтерде электр кубаттуулугу аз көлөмдө иштелип, электр жарыгы аз көлөмдө экспорттолуп жаткандыгына байланыштуу болууда, деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы.(MSu)

XS
SM
MD
LG