Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

ОППОЗИЦИЯНЫН ҮНҮ БИРОТОЛО ӨЧТҮБҮ?


Соңку кездерде айрым саясий чөйрөлөрдө кыргыз оппозициясынын үнү биротоло өчкөнү тууралуу кеп-сөздөр айтыла баштады. Саясат талдоочулардын баамында, бул кенемтени жакында эле түзүлгөн мурдагы бийликтин адамдарынан турган “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы дагы, былтыркы парламенттик шайлоодо жыдыган “Ата мекен” партиясы дагы, башка күчтөр дагы толтурууга чамалары чак. Ошондон улам, Кыргызстанда жаңы күчтөр пайда болуп, саясий айдыңда жандануулар болбосо биротоло авторитаризм орнойт деп чочугандар бар. Ал эми бийлик өкүлдөрү саясаттан көбүрөөк ишке өтүшкөнүн, оппозицияга эч кандай тоскоол жоктугун, эл бийликти колдоорун айтып жатышат.

Айрым саясат талдоочулар учурдагы саясий кырдаалды төмөнкүчө сүрөттөшөт: 2005-жылдын март окуясынан кийин келген бийлик демократиялык жолдон улам барган сайын тайып барат. Ал эми 2006-жылдын ноябрында ошол бийликтин алган багытына нааразылык билдирип он миңдеген адамдар менен митинг өткөрүшкөн бириккен оппозиция убакыттын өтүшү менен чилдей тарады. Андыктан, азыркы тапта бийликке таасир эте алчу күч Кыргызстанда жокко эсе.

Мына ушундай аныктамаларды айтышкан талдоочулар, оппозиция дагы, бийлик дагы мурда чогуу иштешип жүргөн эски чиновниктерден тураарын, алардын аркан тартышынан элге пайда азыраак экендигин, анткени алардын кимиси бийликке келсе деле абал анча өзгөрбөсүн баса белгилешет. Ошол себептүү Кыргызстандын саясий айдыңы жаңыча ойлонгон, жаңы күчтөргө муктаж. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев дагы жогорудагыдай пикирде:

- Бийликтин тегерегинде турган адамдар өзүм билемдик турмушун, бийлигин колунан чыгарбоо аракети жүрүгүзүп жатканын баарыбыз көрүп атабыз. Оппозиция да, бийлик да баягылар. Азыр кыргыздын байлыгы ысырап болуп жоголду. Ошондуктан бүгүнкү күндө жаңы ишмерлер, жаңы адамдар керек. Анткени сүрсүгөн саясатчылар адамга жакпаган жыт чыгара башташты.

Акыркы кездери бүт дүйнөнү каптаган азык-түлүк каатчылыгын, күйүүчү майдын, электрдин, газдын кымбатташын эске албаганда Кыргызстандагы экономикалык абал жакшырып, эл турмушу оңоло баштаганын айтышкан бийлик өкүлдөрү, оппозициянын деми сууй түшүшүн дал ушул жагдай менен байланыштырышууда. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, бийликтин ишинин натыйжалуулугунан жана эл турмушунун жакшырып баратканынан улам эл оппозицияны ээрчигенин токтотту:

- Өлкөдө алгылыктуу иштер болуп жатпайбы. Мына, кымбатчылыкты эске албаганда акыркы эки жылда айлык акы бир топ көбөйдү. Экономикада оң жылыштар бар. Мисалы, бюджеттин үч жылда 2,5 эсе көбөйгөнү. Элдин жашоосу оңолуп бараткан сайын оппозицияда шылтоо түгөндү. Оппозицияга эл ишенбей калды. Бийлик реалдуу түрдө иштеп жатат.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү ар дайым саясаттан көбүрөөк ишке өтүү керектигин, эл саясаттан тажап бүткөнүн, көпчүлүк тынч жашоону каалап жатканын айтып келатышат. Ал эми каршы тарап мындай кеп-сөздөр бийликтин көз боёмочулугу экендигин айтышып, өлкө биротоло авторитаризмдин чеңгелинде калуу коркунучу бар экендигин баса белгилешет. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин ырасташынча, мыйзамды тебелеп тепсөө менен былтыркы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен бийлик, өлкөнүн бардык башкаруу бутактарын толук колго алганы менен элдин ишеничинен калды:

- Мына бүгүн мактанып, көкүрөгүн чаап отурган бийликтин “Ак жол” партиясынын аркасында колдоп коер кишиси жок. “Ак жол” азыр көз боёмочулукка кирип алган. Муну былтыркы шайлоодо эл көрдү. Эгер ушундай ахыбал улана бере турган болсо “Ак шумкар” партиясы дагы нааразычылык акцияларын уюштуруп, андай иш-чаралардын катышуучусу боло алат.

Ошентип ар дайым саясий окуяларга бай келчү күз айларын утурлай бийлик тарап да, оппозиция тарап да бири-бирин “элдин ишеничинен кетти” деп айыпташууда. Талдоочулар айтышкандай, ал арада караламан калк кымбатчылыктан, оор турмуштан, алдым-жуттум алакадан, коорупциядан жүдөп, ар ким өзү менен өзү болууда.

XS
SM
MD
LG