Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Израил качып келген палестиндиктерди кайра артка кайтара баштады


Кечээ Израил Палестинанын «Фатх» партиясынын 180 активистине өзүнүн аймагына баш паана табуу үчүн кирүүгө уруксат берген. Алардын арасынан жаракат алган 20дай киши израилдик ооруканаларга жаткырылган. Кечээ (ишембиде) Палестинанын Газа аймагында «Фатхтын» жактоочулары менен «Хамастын» аскердик канатынын өкүлдөрү кырчылдашкан кагылышууга барган. Айыгышкан кагылышууда тогуз адам өлүп, жүзгө жакыны жаракат алды. “Хамас” уюму “фатхчыларды” 25-июлдагы Газа аймагындагы “Хамастын” беш мүчөсүнүн өмүрүн алган жардырууга катышы бар деп айыптоодо. Газада «Фатх» кыймылынын бир катар мүчөлөрү камакка алынганы кабардалууда.

XS
SM
MD
LG