Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Бээжинде 29-Олимпиада оюндары 8-августта салтанаттуу түрдө ачылды


Бээжиндеги Олимпиаданын ачылыш салтанатына дүйнө жүзүнөн 91 миңден ашуун киши келип катышты. Ачылыш аземин дүйнөнүн булуң бурчунан дээрлик 4 миллиарддай киши сыналгы аркылуу көргөнү жоромол кылынууда. Салтанатка катышкан мамлекет башчыларынын арасында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да бар. Бээжин Олимпиадасы 24-августта соңуна чыгат. Ага 200дөн ашуун өлкөдөн 10 жарым миңдей атлет, алардын арасында алатоолук 20 спортчу катышууда.

Айтмакчы, Бээжиндеги Олимпиада стадионунун сыртынан тибеттиктерди колдогон үч америкалык атуу камакка алынганы кабардалды. Алар Олимпиаданын ачылыш аземи маалында Тибеттеги адам укуктарынын бузулушуна каршы нааразылык иш чарасын өткөрүүгө далаалат кылышкан.

XS
SM
MD
LG