Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Евробиримдик Грузиянын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышын толук колдойт


Орус-грузин аскер чатагы Евробиримдик менен Орусиянын ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу Евробиримдиктин ушул таптагы төрагасы Франциянын билдирүүсүндө айтылат. “Евробиримдик Грузиянын аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн сакталышын толук колдойт” деп айтылат билдирүүдө. Мындан сырткары билдирүүдө Евробиримдик аскер чатагы тутанган аймакта атышууларды токтотууга жана расмий Москваны Грузиянын сүйлөшүүлөрдү баштоо тууралуу сунушуна оң жооп берүүгө үндөгөнү айтылат. Кабарларга караганда, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер кырдаалды жөнгө салуу максатында Грузияга бармакчы.

XS
SM
MD
LG