Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен кабарлашкандай дан эгиндерин оруп-жыюу түштүк аймактарда аягына чыкты. Ушул тапта оруп-жыюу өнөктүгү Чүйдүн тоолуу аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 655,1 миң гектар жерге айдалган дан эгиндеринин 394,4 миң гектарындагы эгин орулуп-жыйылды. Натыйжада 614 миң тонна буудай жана 167 миң тонна арпа кампага түштү, деп маалымдайт министрлик. Дан эгиндерин жыйноого 1 миңден ашуун комбайн тартылган.(ZKo)