Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

7:15 Беловодски абагында болгон баш-аламандыкка байланыштуу иш бүгүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаза өтөөчү жайларды көзөмөлдөөчү атайын прокуратуранын жетекчиси Кубанычбек Мамакеев билдирди. Анын айтуусунда №16 түрмөдө 14-август түнү болгон окуяга жана анда жазалануучу Кадырбек Абдышевдин колунан каза тапкан эки түрмө кызматкери: Сапарбек Жуматаев менен Дуулатбек Аденовдун өлүмүнө байланыштуу атайын прокуратура менен жаза өтөө жайлар башкармалыгы тарабынан оперативдик-тергөө тобу түзүлүп, иш жүргүзүүдө. Анда эки кызматкердин өлүмүнө алып келген баш-аламандыктын келип чыгуу себептери иликтенип, ошону менен бирге эле түрмө жетекчилигинин иш-аракетине да баа берилет. Ал эми Бишкектеги СИЗОго алынып келе жаткан мезгилде жаза өтөөчүлөр тарабынан муунтуп өлтүрүлгөн Эрмек Урманбетов жана Кадырбек Абдышевдин өлүмүнө байланыштуу тергөө ишин атайын прокуратура жүргүзүүдө. Аларды өлтүргөнүн төрт жазалануучу мойнуна алган.
Укук коргоочулар бул ишке бир жактуу баа берилбей, абактагы баш-аламандыктын чыгуусуна эмне себеп болгонун аныктоону талап кылышууда. Белгилүү болгондой 15-август күнү Акыйкатчы институнун эки өкүлү да №16 абакка киргизилген жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG