Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

18:33 Нарында ачкачылыкта отургандардын бирин тез жардам алып кетти


Буга акциянын катышуучусу Канайым Бердибаеванын кан басымы төмөндөп кеткендиги себеп болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” Нарындагы кабарчысы Жаркын Ибраева билдирди. Бүгүн эртең менен саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу акциянын дагы бир катышуучусу Гүлүмкан Надырбекова ачкачылыгын токтоткон. Ал эми Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманова догдурларга тил кат жазып берди. Догдурлар анын кан басымы начарлап кеткендигин эскертишүүдө. Акцияда Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылынууда. Шаардык бийлик өкүлдөрү бул маселени шаардык бийлик чече албастыгын айтууда. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп Каржы полициясы козгогон кылмыш ишинин негизинде Кадырбеков апрелден бери Бишкекте камакта отурат. (BuS)

XS
SM
MD
LG