Пакистан бийликтери тараткан маалыматка караганда, өкмөттүк аскерлер менен талип козголоңчуларынын ортосундагы салгылашуулардан Бажаур районунда бери дегенде теги пуштун болгон 250 миңдей тургун дүрбөлөңгө түшүп, үрөйү учуп, жаңжал аймагынан башка жактарга үркүп качты.
Көптөгөн үйбүлөлөр Пакистандын козголоңчулар эсин эки кылган Түндүк Батыш вилайетинин борбору Пешавар шаарына качып келишүүдө. Качкындар мамлекет уюштурган лагерлерде жан сакташууда, тентиген элдин бир бөлүгү жергиликтүү калайыктын кайрымдуулук жардамын күтүүдө.
Эл аралык маалымат булактарында Бажаурда бир аптага созулган айыгышкан салгылашуудан жүздөгөн жоочулар жана пакистандык аскерлер, ошондой эле карапайым тургундар жер жазданганы айтылууда.
Согуштун алоолонгон отунан дүрбөлөңгө түшкөн эл жан соога издеп, баш аламан агылып качып жөнөгөн.
Пешаварда лагерде баш калкалап турган бир качкын адам айрыкча аба соккуларынан элдин үрөйү учуп, үй жайын таштап качкандан башка аргасы калбаганын айтат:
"Биз өкмөттөн карапайым элди бута кылбашын талап кылабыз. Биринчи иретте террористтер же башка кыянат иштерди жасап жаткандарга сокку урулушу керек. Жазыксыз бала –бакырабыз, катын-калач, мал-сал өкмөткө эмне күнөө кылды эле?"
Рахимдад Хан Пакистандын Түндүк-Батыш вилейетинин өкмөтүндө улук министр. Ал Азаттыкка сүйлөгөн сөзүндө, жергиликтүү өкмөт Бажаур менен чектешкен Дир, Малаканд, Мардан жана Пешавар оодандарында 17 лагер уюштуруп, качып бозуп келген адамдарга жардам берип жатканын билдирди.
"Адамдар үй жайын таштап качып жүргөнүнө абдан кабатырбыз. Бажаурдагы тополоңдон 250 миң-300 миңдей адам үркүп качты. Биз өкмөттүн тартиптерине баш ийбей, согуштун отун үйлөгөн адамдарды ушул азап-кыйноолорго жоопкер деп билебиз», - деди министр Рахимдад Хан.
Пакистандын маалымат каражаттары качып бозгон адамдарга жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бийлик башчылары өкмөттөн миллиондогон доллар жардам сурап кайрылышканын билдирүүдө.
Бажаурдан тентиген көп сандаган адамдар коңшулаш Ооганстандын чегине чейин барып баш калка издеп жатышат. Азаттык/Эркин Европа үналгысынын Ооганстандын Кунар вилаейетиндеги кабарчысы Бажаурдан болжол менен 500 үйбүлө Кунарга жан соога издеп келишкенин билдирди.
Кунардагы качкындардын бири Насим Хандын айтымында, согуштук учактардын бомбалоосу адамдарды үй жайын таштап качууга мажбурлаган.
"Бажаур өрөөнүндөгү жашаган эл бүтүндөй качып чыкты. Айрым үйбүлөлөр үй-жайды караганга бир-экиден адам калтырды, бирок алар да бомбалоодон коркуп тоо таянып качып жашаганга мажбур. Бул жердин калкы кайрымдуу экен, алар качып келген үйбүлөлөрдү өздөрүнүн үй жайына батырып көмөк көрсөтүп жатышат".
Kунар вилайетинин акими Фазлулла Вахиди жаңы келген качкындарга жардам көрсөтүү үчүн эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылды. Ал кырдаал тынчымайынча Бажаурдан келген качкындардын Ооганстанда жашай беришине каршы эместигин айткан.
"Азыр биз көрсөтүп жаткан жардам – чукул кырдаал үчүн гана. Жардамыбыз жетишсиз болушу да ыктымал. Кунар силерге бөлөк-бөтөн эмес, ошондуктан бул жерде жашай бергиле. Үйүңөрдө кырдаал тынчып калганда, каалаган учуруңарда кайтып кете аласыңар", - деген губернатор Фазлулла Фахиди.
Франс-пресс агенттиги жекшембиде тараткан маалыматта, алыскы Куррам районунда мусулмандардын ар кыл секталарынын өз ара кагылышуусунан улам болжол менен 200дөй адам көз жумган. Алардын арасында 23 киши шейшембиге караган түнү шийилер менен суннийлер кагылышканда өмүрүнөн айрылган.
Куррамдын аймактык борбору жана негизинен шийилер жашаган Парачинар шаарынын болжол менен 500 миңдей тургуну бир нече ай бою камалоодо жатты. Анткени жолдун баары тосулуп, талиптер бул жакка жардамга келаткан колонналарга кол салышкан. ММКдагы маалыматтарга караганда, Парачинарда тамак аш менен дары-дармектер да жетишпей каатчылык болуп турган чагы.
Ооганстандын Хост вилайетиндеги кабарчыбыздын айтымында, Куррамдан көптөгөн шийи жана сунний үйбүлөлөр Түштүк Чыгыштагы чек араны кесип өтүп, өлкөнүн Хост жана Пактиа вилайеттерине келип баш пааналашкан.
Хосттун акиминин орун басары Тахир Хан Сабарайинин айтымында, Куррам жактан жүздөгөн качкын үйбүлөлөр өткөн бир нече күн бою Хост вилайети менен чектешкен райондорго көчүп келип жатышты. Аларга азык-түлүктөн жана кийим кечеден жардам берилген, бирок эл аралык уюмдар аларга жардам көрсөтүүгө шашылышы зарыл. Сабарайинин айтымында, Куррамдагы кырчылдашуу күчөй берсе ал жактан дагы миңдеген качкындар агып келиши ыктымал.
Пакистандык ММКлардын кабарына караганда, Бажаур жана Куррам аймактарындагы туруксуз кырдаал бул жерлердеги полиомелитке – балдардын шал оорусуна - каршы эмдөө өнөктүгүн убактылуу токтото турууга аргасыз кылууда. Эмдөө чаралары болжол менен 325 миң баланы оору-сыркоодон сактап калууга жардам бермек.
Германдык маалымат агенттигинин (DPA) билдиргенине караганда, Пакистандын ички иштер министрлигинин өкүлү Рахман Малик Куррамдагы урууларга куралдуу кагылышты токтотуу үчүн үч күн мөөнөт бергенин, болбосо өкмөт катаал чараларга барышы ыктымалдыгын эскерткен. Акыркы мөөнөт 18-августта аяктады, бирок алигиче кырчылдашуунун аягы көрүнө элек.