Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ ЖАБЫЛДЫ


Бүгүн 24-августта Бээжин олимпиадасы жабылды. Анын жыйынтыгында 51 алтын медаль менен Кытай алдыда. Андан кийинки орунда АКШ (36 алтын), 23 алтын менен Орусия үчүнчү. Бир күмүш, бир коло алган Кыргызстан 207 мамлекеттин ичинен 68-орунду алды.

Олимпиада жабыла турган күнү марафондук 42 чакырым 195 метр аралыкка жарыш да жыйынтыкталды. Салтка айланган олимпиаданын жыйынтыктоочу бул марафондук жарышында Африканын Кения өлкөсүнүн жөө күлүгү Самуэль Вансиру марага биринчи келди. Ал Бээжин олимпиадасынын марафон боюнча чемпиону аталды. Ал бул аралыкты 2 саат 6 мүнөт 32 секундда чуркап өттү. Ошентип дүйнө элинин көңүлүн бурган Бээжин олимпиада соңуна чыкты. Спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча мелдештер өтүп, олимпиадага 205 өлкөнүн спортчулары катышты.

Бүгүн ошондой эле 24-августта баскетбол, бокс, сууда сүзүү, волейбол, гандбол, көркөм гимнастика боюнча финалдык беттешүүлөр болду. Баскетболдун баш байгесин АКШнын жигиттери жеңип алды. Волейболдон да АКШнын жигиттери биринчиликке арзыды. Гандбол кол тобу оюнунун финалында Исландия менен Франция өлкөлөрүнүн командалары беттешип, Франциянын жигиттер командасы утуп, олимпиада чемпиону болушту.

Бүгүн бокс боюнча финалдык таймашууларга абдан көп күйөрмандар келди. Олимпиаданын акыркы күнү кытайлык эки боксчу биринчи орунду камсыз кылышты. Монголиялык боксчу Бадур Уган Эль-мухаб орусиялык Алексей Тищенко, италиялык Роберто Камеролло жана казакстандык Бакыт Шарсекбаев бокс боюнча Бээжин олимпиадасынын чемпиондору болуп калышты.

Ошентип 29-жайкы олимпиаданын жалпы командалык биринчи орунун кытайлыктар оюн башталгандан бери колдон чыгарбады. Алар олимпиадалык командалык рекордду белгилеп, 51 алтын, 21 күмүш, 28 коло медаль утуп, туура 100 медаль тагынышты.

АКШ экинчи болуп, алар 36 алтын, 38 күмүш, 36 коло медалдуу болушту (баары 110).

Спорт адистери башында айткандай, орусиялыктар үчүнчү орунга татышты, алар 23 ирет биринчи, 21 жолу экинчи, 28 ирет үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан 2 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль утуп, Бээжинде 29-орунга көтөрүлдү. Өзбекстан кыркынчы, Тажикстан жетимишинчи орунга жетишти.

Кийин XX олимпиадаоюндары 2012-жылы Лондондо өтөт.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG