Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

14:00 “Алиби” гезитине байланыштуу маалымат жыйын эртеңкиге калды


Гезиттин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча жыйынды өткөрүүнү жылдырууга кечээ түнү Бишкекте болгон авиакырсык себеп болду. Биринчи май райондук соттун сот аткаруучулары 23-августта “Алиби” гезитинин соңку санын камакка алган. Буга аталган басылманын сот чечимин убагында аткарбагандыгы негиз болгон. Президенттин бир тууганынын баласы
Асылбек Салиев "Алиби" гезитин адам өмүрүн алган жол кырсыгына өзүнүн тийешеси бардыгы тууралуу жоромол камтылган макаланы жарыялагандыгы үчүн өз керт башынын кадыр-баркын коргоп сотко берген. "Алиби" он күндүн ичинде бир миллион сом айып төлөөгө милдеттендирилген. Гезиттин мүлкү 7-августта камакка алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG