Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

12:50 “Де-факто” гезитинин башкы редакторуна дагы бир кылмыш иши козголушу ыктымал


Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Ага сот чечимин аткарбагандыгы үчүн, деген айып менен кылмыш иши козголуусу мүмкүн экендигин соттук аткаруучулар бир нече ирет эскертишкен. Биринчи Май райондук соттун чечими менен “Де-факто” гезити президенттин иниси Асылбек Салиевден гезит бети аркылуу кечирим сурап, анын ар-намысы үчүн 1 млн сом айыппул төлөп берүүгө милдеттендирилген эле. Басылманын мүлкү камакка алынганына байланыштуу гезит июль айынын башынан бери жарыкка чыга элек. Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча басылмага дагы 1 млн сомдук айыппул салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик инспекциянын доо арызынын негизинде салынган. Баш редактордун белгилешинче мындай чечим сотко басылма тараптан эч ким чакырылбай туруп, сырттан чыгарылган. Ага чейин салык тармагындагы коррупцияга байланыштуу макаланын негизинде Биринчи Май райондук соту басылмага 2 млн сом айыппул төлөө тууралуу чечим чыгарганы белгилүү. Укук коргоочулар жана сөз эркиндигинин жактоочулары бул атайын бийлик тарабынан жасалып жаткан кысым, деген пикирлерин билдирип келишет.
Мурда “Азаттыктан” кабарлангандай келе жаткан апта ичинде “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү болот. Бул ишти буга чейин караган Биринчи Май райондук соту аны кайра иликтөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жиберип, бирок бул көзөмөл органы ишти кайра артка кайтарган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG