Ак үйдөн алдын ала таратылган маалыматка караганда ал Жон Маккейнди АКШнын кызыкчылыгын коргоого кудуреттүү саясатчы катары мүнөздөп, аны колдоого алып сүйлөмөкчү. Сент-Пол шаарында республикачылар сенатор Жон Маккейинди президенттикке талапкерликке көрсөтүшөт. Ноябрда боло турган президенттик шайлоодо Маккейн демократтардын талапкери Барак Обама менен ат салышат. Обама демократиялык партиянын атынан президентикке талапкер болуп көрсөтүлгөн.