Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

АНКАРАНЫН ТҮШТҮК КАВКАЗ ДЕМИЛГЕСИ ИШКЕ АШАБЫ?


Россия менен Грузия ортосундагы куралдуу кагылышуудан көп узабай Түркия Түштүк Кавказдагы таасирин күчөтүү ниетин ишара кылган эле. Анкара региондогу жаңжалдарды жөнгө салуу максатында Түркия, Россия, Грузия, Армения жана Азербайжан ортосунда келишим түзүү демилгесин көтөргөн. Ошол эле маалда андай альянс Түркиянын соода жана энергия кызыкчылыктарына жооп бермек. Ишембиде болсо түрк президенти Абдулла Гүл тарыхый сапар менен Арменияга аттанууда. “Түрк демилгесинин” ишке ашуу мүмкүнчүлүгү канчалык?

Түштүк Осетиядагы уруштан кийин Батыш Россия менен Грузияны жараштыруу үчүн бир топ дипломатиялык аракет көрүп келатат. Аймакта тынчык орнотуу иштерине күтүлөбөстөн Түркия активдүү катыша баштады.

13-августта, Москва менен Тбилиси ортосундагы жаңжал курчуп турган кезде түрк өкмөт башчысы Режеп Таип Эрдоган региондун ири 3 өлкөсү менен Түркия жана Россияны камтыган Кавказдагы стабилдүүлүк жана кызматташтык келишимин түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Иш жүзүндө бул идея жаңы деле эмес. 1990-жылдардын этегинде Түркиянын ал кездеги мамлекет башчысы Сулейман Демирел Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн башын бириктирген топ түзүүнү сунуш кылган.

Анкаралык аналитик Октай Аксойдун пикиринде, соңку окуялар ошол демилгеге кайрылууга түрткү берди:

- 1990-жылдардан бери аймактагы кырдаалды жакшыртуунун жолдорун издеп келатабыз. Акыркы окуялар региондун бардык өлкөлөрү катыша ала тургандай платформа түзүү пикир келишпестиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк берээрин айкын көргөздү.

Үстүбүздөгү аптада Анкарада болгон учурунда орус Тышкы иштер министри Сергей Лавров андай шериктештик айырмачылыктарды башка өлкөлөрдүн кийлигишүүсүсүз жоюуга жардам берет эле деди.

Грузия, Армения жана Азербайжан болсо Түркиянын долбооруна этият мамиле кылышууда.

Грузиянын тышкы мекемесинин жетекчиси Эка Ткешелашвили орус аскерлери августка чейинки турумдарына кайтмайынча Тбилиси андай келишимге кошулууну карабайт деп билдирген.

Анкаранын жакын шериги Кошмо Штаттары да демилгени салкын кабыл алды. Америкалык расмий адамдар алдын ала кабардар кылынбаганын айтып, Батыш мамлекеттерин планга камтуу каралбаганын сындашты.

Буга карабай, Россия, Грузия жана Азербайжан менен өз-өзүнчө сүйлөшүү өткөрүүгө үлгүргөн түрк өкмөтүнүн долбоорду алга жылдыруудан баш тарткысы жок. Ал да түшүнүктүү. Өлкө табигый газынын 63 процентин жана мунайдын 29 процентин Россиядан алып турат.

Анын үстүнө Батыш менен Россия ортосундагы чатак сөзсүз түрдө НАТОнун региондогу жападан жалгыз мүчөсү болгон Түркияга таасир этпей койбойт.

Бирок Анкаранын Түштүк Кавказ демилгеси бир топ дипломатиялык кыйынчылыктарга туш болоору анык.

Тбилиси менен Москванын мамилелери август урушунан кийин болуп көрбөгөндөй начар абалга жетти. Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак талашы жөнгө салына элек.

Түркия өзү Армениянын 1915-жылкы геноцидди таануу жөнүндөгү дооматтарын четке кагып келатат. Анкара Осмон империясы маалында орун алган окуяларда армяндардан тышкары түрктөр да кырылган деп ырастоодо.

Мындай жагдайларга карабай, оптимизм үчүн да себеп пайда болду. Ишемби, 6-сентябрда Түркиянын президенти Абдулла Гүл Армениянын чакыруусу менен Ереванга футбол матчын көрүүгө барганы жатат. 2010-жылкы дүйнө чемпионатына квалификациялык оюнда Түркия менен Армениянын улуттук командалары беттешмекчи. Байкоочулар Гүлдүн сапарын тарыхый деп аташууда.

XS
SM
MD
LG