Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

8:10 “Ачык саясат” гезитинин башкы редактору камакка алынды


Бабырбек Жээнбеков кечээ кечки саат алтыда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Турат Байчаевдин чакыруусу боюнча суракка барып, андан бир жарым саат өтпөй убактылуу тергөө абагына камакка алынган. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Ашырбек Жорупбеков билдирди. Анын айтымында, Жээнбековдун камалышына эч кандай негиз жок болчу. Аталган гезиттин башкы редактору “Алиби” гезитине байланыштуу “сот чечимин аткарган жок” деген (КЖК-338) берене менен козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынганын “Азаттыкка” тергөөчү Турат Байчаев да тастыктады.

Гезит быйыл жыл башында “Президенттин инисинин ишин ким тергейт?” аттуу макала жарыялап, анда өлкө башчысынын бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына тиешеси болушу мүмкүндүгү айтылган. Асылбек Салиев болсо бул макала кадыр-баркыма шек келтирди деп, сотко кайрылган. Июнь айында бул ишти Биринчи май райондук соту карап, гезитти бир миллион сом айыпка жыккан эле. Кийинчерээк шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган соң басылмага сот чечимин аткаруу талабы коюлуп, көп өтпөй сот чечимин аткарбады деген негизде кылмыш иши козголгон. “Алиби” гезити ошентип чыкпай калган соң гезит жамааты өткөн айдын соңунан тарта “Ачык саясат” деген жаңы гезит чыгара баштаган болчу.(SM)

XS
SM
MD
LG