Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

ПАКИСТАН ООГАНСТАН МЕНЕН ЖАҢЫ ДОСТУК КӨПҮРӨСҮН КУРА АЛАБЫ?


Эдил Сапарбек уулу, Прага Ооган президенти Хамид Карзай Пакистандын жаңы шайланган президенти Асиф Али Зардаринин (Asif Ali Zardari) шейшемби күнү, 9-сентябрдагы ант берүү аземине катышкан жападан-жалгыз чет элдик лидер болду. Эки өлкөнүн башчылары өз ара кызматташтыкты бекемдөө, чектеш аймактардагы талипчил козголоңчуларга каршы биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашты. Бирок бул соңку окуялар - эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы буга чейинки бири бирин айыптаган жана кайым айтышкан учурларды таптакыр артка калтырып жаткандыгыбы, же убактылуу гана көрүнүшпү?

Пакистандык журналист Ахмед Рашид (Ahmed Rashid) отуз жылдан бери Ооганстан жана Пакистанда болуп жаткан окуяларды жакындан иликтеп келет. “Азаттыкка” курган маегинде ал Исламабаддын жарандык өкмөтү Ооганстан менен алакаларды бекемдөөгө чын дилинен дилгир, бирок бул ойду өлкөнүн аскердик жетекчилиги колдойбу, же жокпу кептин баары мына ошондо дейт.

- Менимче, Пакистандын жаңы президенти үчүн Карзай менен буга чейин чыңалган алакаларды жөндөө маселесине караганда өлкөнүн ички саясатын жөнгө салып, аскердик жетекчиликти жана чалгын кызматын ооздуктоо үчүн күрөш жүргүзүү көбүрөөк маанилүү. Мурдагы премьер министр, Зардаринин маркум жубайы Беназир Бхутто да Ооган президенти Карзай менен өзү өлөөр алдында жакшы мамиле түзүүгө жетишкен. Албетте, эми Зардари да ошол дурус алаканы улантып жатат. -

Эл аралык маалымат каражаттарынын соңку билдирүүлөрүнө караганда, Пакистандын аскерий жетекчилиги чек арага жакын жаңжалдуу аймактардагы жоочулар менен күрөшүүдө АКШ менен тыгыз кызматташып жаткандай. Рашид мырза болсо мындай кызматташтыктын чын-төгүнү Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги өлкөнүн аймагында жүрөт деп жоромолдонгон оогандык талиптердин лидерлерине каршы иш жүзүндө күрөш жүргүзгөндө гана аныкталат деп санайт.

- НАТО жана Америка дагы эле Пакистанга көптөн-көп нааразы болуп келет. Себеби Пакистан өз аймагында бекинген ооганстандык талип жетекчилерине каршы чыныгы күрөштү баштаганына ишаара кылган эч деле окуя болгон жок. Бул талиптердин айрымдары Пакистандын түштүк-батышындагы Балучистан аймагында баш паана тапкан. Менимче, биз расмий Пакистандын талиптердин айрым жетекчилерин кысмакка алганына күбө болмоюнча, мында эч кандай олуттуу жылыш болбойт ко. -

Хумайун Хан (Humayun Khan) - мурдагы пакистандык дипломат. “Азаттыкка” курган маегинде ал түздөн-түз Федерациялык Башкаруудагы Уруулар Аймагы (FATA) менен Түнтүк-Батыш Чек ара Вилайети - Пакистандын эң негизги көйгөйүнө айланган аймактардан экенин билдирди.

Мурдагы элчинин айтымында, Ооган президенти Карзай Зардаринин инаугурациясына атайын чакырылган, себеби расмий Исламабад Ооганстан менен чектешкен чек ара тилкесиндеги уруулук аймактардагы кырдаалды жаңыча жөнгө салуу ниетин ооган мамлекет башчысына тастыктагысы келген.

- Оогандык боордошторубуз жана америкалыктар көп убакыттан бери Пакистан бийлиги козголоңчулардын Ооганстан тарапка куралдуу кол салып кирүүсүн токтотуу үчүн жетиштүү чара көрбөй келген деп нааразы болуп келишкен. -

Хумайун Хандын оюнча, дал мына ошол үчүн Карзайды президенттин ант берүү аземине чакыруу керек болду.

Деген менен көптөгөн оогандык адистер мындай пикир менен макул эмес. Алардын талдоосунда экстремисттик маанайдагы саясатчыларды жана жоочуларды Пакистан Ооганстандын ичиндеги окуяларды өз кызыкчылыгына пайдалануу үчүн гана колдонуп келген.

Кабулдагы серепчи Ахмад Сайиди (Ahmad Saeedi), маселен, эми Ооганстанда жоочулардын таасири төмөндөгөндүктөн жана эл аралык коомчулуктун террорчуларга каршы күрөш боюнча кысымы жогорулагандыктан, Исламабад үчүн мурдагы мышык-чычкан саясаты өз маанисин жоготту, деп эсептейт.

- Учурда Пакистан террорчуларды колдоого алганы жана башка чатак окуяларга тийешеси бардыгы үчүн кыйла белгилүү болуп калды. Эми дүйнө коомчулугу бул жагдайдан кабардар болуп калды жана мындан ары Пакистан Ооганстандын саясий турмушунда мурдагыдай үстөмдүк кылчу ролду аткара албайт. -

Бирок эмнеси болсо да, сүйлөшүү жана өз ара тил табышуу гана Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы достук мамилелерди чындап бекемдечү бирден бир чара, дейт мурдагы пакистандык дипломат Хумайун Хан.

Айтмакчы, Пакистандын тышкы иштер министрлигинин шейшембиде маалымдашынча, келээрки айда (октябрда) Исламабад шаарында биргелешкен Ооганстан-Пакистан тынчтык курултайы (Жирга) аттуу ири жыйын өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG