Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

18:45 Кызыл-Адыр айылында электр кубаттуулугунун тез-тез өчүрүлүшүнөн улам үйлөрдө ичкенге суу жок болууда


Суунун жок болушунан улам айылдын жашоочулары ар кандай жугуштуу ооруларга дуушар болуу коркунучунда турат деген арыз-армандар бүгүн Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы “Демократияны колдоо” маалымат борборунда суу көйгөйү боюнча болгон тегерек үстөлдө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тарабынан айтылды. Кара-Буура суу башкармалыктын башчысы Кубанычбек Эсеналиев бул маселени чечиш үчүн Кара-Буура районуна 30 метр тереңдикте артезиан суусун чыгарса болоорун билдирди. Тилекке каршы, бул ишти жасаганга Суу башкармалыкта каражат жок. “Бирок мурда мындай иш Кара-Буура райондук ооруканага жасалган”, - деп Эсеналиев кошумчалап кетти. “Лаванда” деп аталган бейөкмөт уюмунун лидери Ширин Сандыбаева бул боюнча долбоор жазып эл аралык уюмдарга кайрылыш керектигин сунуштады. Бул сунушту тегерек үстөлгө катышкан онго жакын бейөкмөт уюмдун лидерлери колдоп, аталган маалымат борбору аркылуу ишти алып барарын билдиришти. (UA)

XS
SM
MD
LG