Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

МУГАЛИМДЕР: АЛАСАБЫЗДЫ АЛМАЙЫН КЕТПЕЙБИЗ


Бишкек шаарында эки аптадан бери турушкан эмгек стажы үчүн берилчү кошумча төлөмдөрдү ала албай келишкен мугалимдердин саны күн санап артып баратат. Кечээ да борбор шаарга региондордон ондогон мугалимдер келип, алтымышка жакыны Жогорку Кеңештин алдына чыгышты. Төлөмдөрдү бербей келаткан Каржы министрлигине, мугалимдердин тагдырына кайдыгер өкмөткө нааразы болгондор маселе чечилмейин борбор калаадан кетпей тургандыктарын айтышууда. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин Билим берүү тармагын караган комитети жыйын өткөрүп, өкмөткө колдорунда соттун чечимдери бар мугалимдерге тез арада акча бөлүүнү сунуш кылды.

Өткөн аптада да ар кыл региондордон келген он беш чакты мугалим Жогорку Кеңештин алдына чыгып, соттун чечими турса да Каржы министрлиги мугалимдерге болгон карызын бербей жатканына нааразычылык билдиришкен. Кечээ болсо аларга дагы жаңы келген мугалимдер кошулуп, алтымыштан ашуун адам Жогорку Кеңештин алдына чыгышты. Ар кыл региондордон жалпы жүзгө жакын адам келгенин айтышкан мугалимдер, өкмөттөн соттун чечимдерин аткарууну талап кылышты.

Ал арада Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат боюнча комитети мугалимдердин кайрылуусу боюнча шашылыш жыйын өткөрүштү. Жыйын соңунда өкмөткө колунда соттун чечимдери бар мугалимдерге тез арада акча бөлүүсү керектиги айтылган чечим чыгарылды.

Ал эми сыртта турган мугалимдерге микрофон сунганыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык.

Асанбек Эркинбаев, Нарын районунун А.Таабалдиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими: - Биз жөн эле дарбып турган жокпуз. Ушул жылдын апрель айында Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту ошол арызданган мектептердин пайдасына, акчалары берилсин деген чечим чыгарган. Анан өкмөт ага акча карап, бере баштаган, Көп мектептер алып, биз албай калдык. Биз эмнеге толук бербейсиңер деп келип аткандагыбыз...

Сабира Исаева, мугалим: - Мага берилчү акчанын суммасы 17 миң сомдой бар. Болгону эле ошол, бул ар кимдин стажына жараша да. Азыр президентибиз дайыма эле айтат го, тезек тергиле, электр өчүп атат деп. Биз кайдан тезек термек элек. Ошол акчаны беришсе биз көмүр алат болчубуз. Нарында 8-9 ай кыш болот да.

Ошондой эле айрым мугалимдер акимчичик тарабынан кысымдар, жумуштан бошотобуз деген коркутуулар болуп жатканын айтышты.

Билим берүү боюнча комитеттин төрагасы Иса Өмүркулов болсо, бул маселе боюнча парламент төрагасы өз оюн айтышы керектигин жана мугалимдердин акчасы тез арада берилиши керектигин билдирди:

- Өкмөт төлөп бериш керек, болду. Мыйзам турабы, баары жазылып турабы жасаш керек. Соттун чечими да турат, өкмөткө дагы эмне керек. Колунан келбесе бул анда башка маселе.

Жыйынга катышкан Каржы министри Тажикан Калимбетова 2003-жылкы карыздарды төлөө боюнча бир күн мурда тапшырма бергенин, кийинки төлөмдөр график боюнча берилерин айтса да, мугалимдер Каржы министрлигин кош көңүл мамилеси, куру убадалары үчүн айыптап жатышат.

Аялдар дискуссиялык клубунун мүчөсү Калича Умуралиева бул маселе тууралуу мындай дейт:

- Биздин өкмөт, интеллигенция өзүнүн мугалимдерин ойлобосо, биздин өлкөнүн эртеңки келечегибиз жок болот. Анткени булар биздин балдарды окутат. Кандай окутушса, ошондой эл болобуз. Беш тыйын издеп, мобул жакта көмүр алам деп жүргөн мугалим окуучуну ойлобойт. Ошонтуктан өкмөт мугалимдерге чоң жеңилдиктерди бериши керек. А булар жеңилдик тургай алардын өздөрүнүн иштеп тапкан акчаларын бербей атышат. Мындай алсыз өкмөт эртең эле коомдук жарылууга күбө болот.

XS
SM
MD
LG