Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

АКШнын Мамлекеттик катчысы менен Орусиянын тышкы иштер миинистри Нью-Йоркто жолукту


Бул Кондолиза Райс менен Сергей Лавровдун Орусия–Грузия ортосунда өткөн айда болгон аскерий жаңжалдан кийинки алгачкы жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар Ирандын өзөктүк программасы боюнча болочокто министрлер деңгээлинде жыйын өткөрүүнү макулдашты, бирок Грузия боюнча бир пикирге келе алган жок. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Дэниел Фрид сүйлөшүүнү "сылык-сыпаа", бирок "пикир-келишпестиктер даана көрүнүп турган" жолугушуу катары мүнөздөдү. Анын айтымында, Кондолиза Райс АКШнын Орусия өткөн айда Грузияга кол салуусуна каршы турумун кайра кайталады, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу менен Москва чоң катачылык кетиргенин белгиледи. Сергей Лавров Орусиянын аракетинин тууралыгы боюнча аргументтерди келтирди. Бирок Вашингтон ал аргументтерди ынанымсыз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG