Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

БАЙКООЧУЛАР МЕНЕН ШАЙЛООЧУЛАР ЭМНЕ КӨРДҮ, ЭМНЕ БИЛДИ?


Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн саясий партиялардын жана коомдук уюмдардын байкоочулары мыйзам бузууларга жол берилип жатканын айтышууда. Айрым шайлоо участогунун жетекчилери да шайлоого жергиликтүү калк начар катышып жаткандыгын моюнга алышууда.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо жалпысынан 7643 мандатка 15 миң 139 талапкер ат салышууда. Маалыматтарга карганда, эң эле көп талапкерлер Бишкек шаарында катталган. Бишкек шаардык кеңештеги депутаттык 44 орунга 357 талапкер ат салышып жатат.

Бишкек шаарындагы Финансы жана экономика окуу жайынын имаратында жайгашкан шайлоо участогуна байкоо жүргүзүп жаткан “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Каныбек Касымалы уулу шайлоонун жүрүшүндө ар кандай бурмалоолорго жол берилип жаткандыгын билдирди.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов шайлоо участкаларын кыдырып жүргөн маалда шайлоочулардын тизмелеринде көптөгөн мүчүлүштүктөр кездешкенине күбө болгон.

Тизмеде жоктугунан сот аркылуу шайлоо укугун калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын бишкектик Дилара Рысбекова да “Азаттыкка” билдирди.

Бүгүнкү шайлоонун жүрүшү боюнча байкоочу Дарика Орозалиеванын айтымында жергиликтүү калктын өкүлдөрүнө караганда башка улуттун өкүлдөрү активдүү катышты.

БШКнын эл аралык байкоочуларды каттоодон баш тартуусу шайлоо өнөктүгүнүн ачыктыгын жана адилеттүүлүгүн камсыз кыла албайт” деген пикирин Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев айтып, партиянын байкоочуларын куугунтукка алуу фактылары болгонун, милиция кызматкерлери да партия мүчөлөрүн коркутканын, шайлоо калыстык менен өтпөй жатканын кошумчалады.

- Мыйзам бузуулар абдан көп болду. Өзгөчө кечки саат бештен кийин ар бир участокторго автоунаалар менен шайлоочуларды ташып, кошумча тизме түзө коймойлор орун алды. Квартальныйлар өзгөчө ушундай аракеттерди жасашты. Байкоочулардын сындарына көңүл буруулар болгон жок. Мындан тышкары массалык ташуулар, бир эле адам ар башка участкаларда добуш берип жаткан фактылар да орун алууда. Дагы бурмалоолор болуп жатат деген маалыматтар түшүп жатат.



Бишкек шаарындагы 5-кесипчилик-техникалык окуу жайынын имаратында жайгашкан №1121 шайлоо участогунун төрайымы Бекташева Эленордун пикиринде бул ирет калктын шайлоого катышуусу төмөн:

- Жалпысынан алганда шайлоочулардын катышуусу абдан төмөн болуп жатат. Биз муну күткөнбүз. Бирок мынчалык төмөн болот деп ойлогон эмеспиз.

Алынган маалыматтарга ылайык, “Ата Мекен” партиясынын байкоочулары мыйзам бузуу фактыларын каттап, протоколдорун түзүүлүдө. Шайлоодо орун алган мыйзам бузуу фактылары боюнча партия эртең расмий билдирүү жасаарын партия лидери Өмүрбек Текебаев расмий билдирди.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, өлкө аймагында шайлоочуларды массалык ташуу фактылары болуп жатат. Анын айтымында шаардык четиндеги жаңы кошуштарда шайлоочуларга спирттик ичимдиктерди берип, добуштарды сатып алуу фактылары да кездешүүдө.

-Ал эми Бишкектин айрым шайлоо участкасында үй-жайы жок адамдарды киргизип, добуш бердиртип жаткан фактылар да кездешкен. Мындан тышкары Бешкектин айманасындагы жаңы конуштарда, Чүй облусунда шайлоо участкаларында шайлоочуларды массалык түрдө ташуу орун алганы жана эки-үч бюллетендеп салган фактылар болгонун байкоочулар кабарлашууда. Спирттик ичимдик берип, добуштарды сатып алуу фактылары да бар. Мас шайлоочулар буга күбө. Сузак райондук соту тизмеде жок деген тилкат алып келгиле деп, шайлоочуларды убара кылган. Айрым шайлоо участокторунда кошумча тизмени соттун чечимисиз эле өздөрү мыйзамсыз түзүп, шайлоого киргизген учурлар да катталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча түзүлгөн актылардын негизинде сотко кайрылып жатабыз. Абдан көп мыйзам бузуулар болууда.

Бишкек шаарынын айрым тургундарынын шайлоо тууралуу пикирлери төмөнкүдөй болду.

Айжаркын: --Жергиликтүү бийликтин мурда түзгөн тизмедеги талапкерлери гана өтүп, депутат болот, Биздин добуш эч нерсени чечпейт, ошондой болсо да укугубузду пайдаланып добуш бердик.

Жанар:- Мен биринчи ирет шайлоого катыштым. Эч кандай таасир алганым жок. Менин ордума башка бирөөлөр добуш берип койбосун деп гана келдим. Өзүм каалаган, программасы жаккан талапкерлерге добуш бердим.

Айтыкул: - Убада бергендерине караганда шаарды оңдоп жиберчүдөй талапкерлер экен. Анысын дагы көрө жатаарбыз. Аны да мезгил таразалайт.

Асанбек: - Деги тынч өтүп жатканына эле сүйүнүп турам. Шайлоодон баары башталчу эмес беле. Шайлоонун “шайтан оюндарын” байкай албадым.
Жекшембидеги шайлоонун алгачкы жыйынтыктары 6-октябрда жарыяланмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG