Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Ө.ТЕКЕБАЕВ: БИЙЛИК ШАЙЛООДОГУ САТЫП АЛУУЛАРГА КАРШЫ КҮРӨШКӨН ЖОК


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Кечээ өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын талапкерлери да катышты. Партия төрагасы Өмүрбек Текебаев шайлоонун кандай өткөндүгү тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

Өмүрбек мырза, жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн жылдагы парламенттик шайлоого салыштырмалуу кандай болду?

-
Жергиликтүү кеңештерге шайлоону экиге бөлсө болот. Биринчиси, дээрлик атаандашуу болбогон айыл жерлериндеги шайлоо. Былтыр ар шайлоого катышуу үчүн бир талапкер 1 миң сомдон күрөө коюш керек эле. Анда талапкерлердин саны жетишпей жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү күрөө төлөгөнү белгилүү. Быйыл бир орунга 2ден көбүрөөк талапкер туура келди. Айыл жерлерде шайлоо салыштырмалуу жакшы өттү десек болот. Бирок бардык жерде тилекке каршы тамак бермей, белек бермей, акча бермей Кыргызстанда салтка айланып баратат. Кечээ Базар-Коргон районунда “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү бир мектептин директорун сотко берген. Ал директор шайлоого бир күн калганда тамак уюштуруп, шайлоочуларды коноктогон экен. Сот эмне дейт дебейсизби? Сот жарашып албайсыңарбы деген сунуш киргизиптир. Анан жарашпай баш тарткандан кийин, сот “Ата Мекен” партиясынын талапкеринин талабын канааттандырган жок. Мына ушундай жол менен бүткүл бийлик, сот органы сатып алууга каршы күрөш жүргүзгөн жок. Өзгөчө чоң шаарларда, анын ичинде Бишкекте комиссиянын мүчөлөрүн, шайлоочуларды сатып алуу массалык түрдө болду. Жаап-жашырбастан эле бир жума мурун үймө-үй белектер ташылып, шайлоо комиссиянын мүчөлөрү шайлоочулардын тизмесин туура эмес түзүүсү үчүн акча каражат, байгелер жарыялангандыгы баарыбызга белгилүү болгон.

-“Ата Мекен” партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого өзгөчө маани берип жаткан эле. Сиздер койгон талапкерлердин ичинен жеңишке жетишкендер болуп жатабы?

- Азыр штаб тактап, саат онго карай жыйынтыгын чыгарат. Ошондуктан азырынча менде маалымат жок. Бирок Бишкекте административдик ресурс масштабдуу пайдаланылды, финансылык ресурстун салымы чоң болду. Аларды кой-ай деп, бийлик күрөшкөн жок. Сатып алууларга каршы талапкер, же шайлоо комиссиялары күрөшө албайт. Аларда андай укук жок. Буга милиция, прокуратура, сот принципиалдуу күрөш жүргүзүш керек. Мына ошондо гана байлардын добушту сатып алуу практикасын токтото алабыз. Бишкекте студенттер менен аскерлерди пайдалануу абдан масштабдуу болду. Көп жерлерде студенттердин паспортторун мугалимдер алдын-ала эле жыйнап, алардын ордуна башка адамдар добуш бергени байкалды. “Карусель” деген ыкма Бишкекте бул жолу да жасалып, кошумча тизмелер даярдалып, бир эле адамдар бир участоктон чыгып, экинчи участокко барып добуш берип жүрдү. Биздин бир талапкердин сиңдисинин квартирасына алты адамды каттап койгондугун ал өзү аныктады. Ал эми башка бейтааныш адамдарга, шайлоого барбаган адамдардын квартираларына, үйлөрүнө канчадан адамды жармаштырып жазгандыгын эч ким аныктай албайт.

- Берилген добуштарды коргоо үчүн кандай аракеттер жасалат. Дегеле Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо легитимдүүлүк маселеси чыгабы?

- Бүгүн-эртең бардык байкоочулардын протоколдорун участоктордон жыйнайбыз. Башка уюмдардын байкоолорун алып, анализдеп, эртең-бүрсүгүнү билдирүү жасайбыз.

XS
SM
MD
LG