Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

ОШТО "АК ЖОЛ" ПАРТИЯСЫНАН АРБЫН ДЕПУТАТ ШАЙЛАНДЫ


Ош облустук шайлоо комиссиясы кеч болсо да 5-октябрдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгын жарыялады. Бийликтин «Ак Жол» партиясынын өкүлдөрү райондук парламентарийлердин – 73, айылдык кеңеш депутаттарынын - 70 пайызын түзүшөт. Айрым саясий уюмдар өнөктүк олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун белгилешип, талаш-тартышка сот аркылуу чекит коюуга аракеттенишүүдө.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов «Азаттыкка» кабарлагандай, 5-октябрда райондук парламентке – 468, ал эми жергиликтүү Кеңештерге – 2365 талапкер бактысын сынашты. Жыйынтыгы төмөнкүчө болду:

- Райондук кеңештин депутаттыгына -191, ал эми айылдык кеңештерге – 1296 депутат шайланды. Айылдык кеңештерге “Жаңы Кыргызстан” партиясынан – 1, СДПКдан – 2 шайланды. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөндөрдөн айылдык кеңештерге “Авангард” партиясынан – 1, “Ата мекенден” -2, “Эркиндик” партиясынан – 1, “Ак жол” партиясынан – 738, ал эми “Жаңы Кыргызстан” партиясынан – 5, Социал-демократ партиясынан – 8, Коммунисттик партиядан – 3 депутат шайланды. Райондук кеңешке “Жаңы Кыргызстан” партиясынан гана өзүн-өзү көрсөткөндөрдөн бирөө шайланды. Ал эми “Ак жол” партиясынан – 129 депутат шайланды, - дейт Амат Маматоморов.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Оштогу лидери Керим Макеевдин байкоосуна караганда, 5-октябрдагы өнөктүккө шайлоочулардын 17-18 пайызы гана катышты. Ошол себептүү жыйынтыгын жергиликтүү шайлоо комиссиялары жана бийлик башчылары каалагандай бурмалашты. Андыктан, талаштуу жагдайларды сот аркылуу такташтырганга аракеттенишүүдө:

- 5-октябрда болгон жергиликтүү шайлоо туура эмес жолдор менен өткөнүн биз өзүбүз дагы көрдүк. Элдин басымдуу көпчүлүгү катышкан жок, болгон элдин 17-18и пайызы гана келди. Шайлоо комиссиянын мүчөлөрү жана бийлик жетекчилери гана бурмлоогонго барды. Сот органдарына кайрылдык.

Керим Макеев соттор адилет чечим чыгарышпаса, тарапкерлери ар кандай акцияларды уюштурушаарын, ошентип, аймактагы саясий кырдаал ого бетер оорлошоорун да эскертти.

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасы Бакыт Калмаматов былтыркы Жогорку Кеңештин шайлоосундай эле бул жолу да добуштарды сатып алуу, талапкерлерди коркутуп-үркүтүү, участокторго айлантып адам ташымай жоруктары өкүм сүргөндүгүн белгилеп, ушундай мыйзам бузуулардын эсебинен «Ак жол» партиясы көп орун алгандыгын бышыктады:

- Парламенттик шайлоодой эле одоно мыйзам бузуулар өтө көп болду. Бул бүгүнкү күндөгү бийликтин өзүнүн кызыкчылыгына карата, тагыраак айтканда “Ак жол” партиясынын тизмесиндеги мүчөлөрүн өткөрүүгө түрткү болду бул мыйзам бузууулар.

Бакыт Калмаматов ошондой эле административдик ресурс кеңири пайдаланылгандыгын да эске салды.

Бийликчил «Ак жол» партиясынын Ош облустук төрагасы Авазбек Шамшиевдин айтымында, 5-октябрдагы шайлоодо пикирлештери өзүн-өзү көрсөтүү жолун тандашкан. Жыйынтыгын эсептешкенде, 7 райондун парламентиндеги 191 орундун 142, айылдык Кеңештердеги 1296 мандаттын 754 «акжолчулар» ээлешти. Бийлик буларды атайын түзүлгөн тизменин негизинде өткөрдү деген кеп чындыкка коошпойт:

- Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катышканбыз. Райондор боюнча биздин партиянын өткөнү 73 пайыз болуп атат. Ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттарынын арасынан биздики 70 пайыз. Башка партиялар бизди катуу критикалап, тихзмелер аркылуу өттү деп атпайбы. Мисалы 5 координаторубуздун арасынан экөө өткөн жок, баштапкы уюм секретарларынын арасынан облус боюнча 100 пайыз болсо анын 10 пайызы өтпөй калды.

Авазбек Шамшиев «акжолчу» депутаттар мындан ары райондук жана айылдык кеңештердин жетекчилигине шайлануу үчүн күрөшөөрүн кошумчалады.

Ош облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Амат Маматоморов шайлоо мезгилинде бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөндүгүн, айрым мыйзам бузуу фактылары убагында териштирилип тургандыгын билдирди:

- Мыйзам бузууулар айрым жерлерде белгиленди. Ошол мезгилде жер-жерлерде каралып, тиешелүү чаралар көрүлүп, жоопторун алды. Андан тышкары 4 арыз боюнча сотто каралып жатат.

Амат Маматоморов шайлоого байланышкан даттануулар мындан ары каралбай тургандыгын кесе айтты.

XS
SM
MD
LG