Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

11:15 Руслан Шаботоевдун жоголушуна анын бизнеси себеп болушу мүмкүн эмес


Жана ал криминал дүйнөсү менен байланышы жок болчу. Бул тууралуу дайынсыз жоголуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Р. Шаботоевдин туугандары бүгүн тараткан ачык кайрылууда айтылат. Анда депутаттын жакындары Шабатоевдин эки жумадан бери табылбай жатышына кооптонуп, чочулап жаткандарын билдиришет. Ың-жыңсыз кеткен депутатты издеген укук коргоо органдары айыптоочу позицияга өтүп, депутат тууралуу түркүн ушак-айыңдарды таратып жаткандай дешет, алар. Шаботоевди издөө боюнча бири-бирин айыптоону жана ар кандай аңыз кептердин жаралышын каалабагандыктарын кошумчалашкан. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG