Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 21:27

Белгилүү окумуштуу Ильяс Бийбосунов дүйнө салды


Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору Ильяс Бийбосунов 78 жаш курагында дүйнө салды. Ал механика, теориялык жана математикалык физика илими жаатында зор эмгек сиңирген. Отузга чукул илимдин докторлорун жана кандидаттарын тарбиялаган. Окумуштуу Ильяс Бийбосуновду акыркы сапарга узатуу тажыясы 1-ноябрда Улуттук илимдер академиясында өткөрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө коюлат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти. (AJ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG