Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 13:04

АКШ Ооганстанга кошумча он миңдей аскер жөнөтүшү ыктымал


Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс билдирип, НАТО Ооганcтандагы аскерлерин көбөйтөөрүнө көзү жетпестигин айтты. Министр Роберт Гейтс Пентагонду 2006-жылы жетектей баштагандан бери өнөктөш НАТОго мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга дагы кошумча аскер жөнөтүүгө көндүрүп келет. Гейтстин айтымында, эми АКШ гана Ооганстанга кошумча 10 миңдей аскер жөнөтөт шекилдүү. Ошондуктан Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн башка НАТО өлкөлөрү тарабынан күчтөндүрүү өтө олуттуу маселе, антпесе бул жаңжал “Американын гана согушу” өңдөнүп калат дейт Гейтс.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG