Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Ноокат окуясы боюнча тергөө иши аяктады


Башкы прокуратуранын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, 1-октябрда Ноокатта болгон окуяны тергөө иши аяктады. Массалык баш-аламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында 32 адам камакка алынып, алар азыркы мезгилде кылмыш иштин материалдары менен Ош облусунун прокуратурасында таанышууда.1-октябрда Орозо айт майрамы күнү Ноокат районунун акимчилиги таш бараңга алынган. Башкы прокуратуранын маалымдамасында ал окуяга тиешеси бар деп кармалгандар тыю салынган “Хизбут-Тахрир” партиясынын тарапкерлери экени белгиленген.(AiT)

XS
SM
MD
LG