Жаңы автоунааларга суроо талап акыркы жыйырма жыл ичиндеги эң төмөнкү чекке түшкөнүн дүйнөнүн негизги автоөндүршчүлөрү глобалдык каржылык кризиси менен байланыштырышууда. Маселен АКШда октябрь айында "Женерал Моторс" компаниясынын автоунааларынын сатылышы 45%га азайган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн берки эң жаман көрсөткүч.
Крайслер компаниясынын автоунааларынын сатылышы АКШда 35%га, Форддуку 30%, Тойотаныкы 23%га азайган. Жаңы автоунааларга суроо–талап Европада да төмөндөдү. Маселен Испанияда 40%, Италияда 20%га.
Еврокомиссиянын кечээ жарыялаган божомолуна караганда, келерки жылы Европанын экономикасы дээрлик өспөйт.