Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:56

АКШ менен Кыргызстандын кызматташуусу бекем бойдон сактала берет


Мындай пикирин “Азаттыкка” тышкы иштер министри Эднан Карабаев АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу билдирди. Э.Карабаевдин айтымында, Америка “АКШ - тең мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү” экенин көрсөттү. “Конституциядагы президент АКШнын жараны болушу керек деген жобо сакталды. Ошондой эле Б.Обаманын программасында дүйнөлүк кризистен чыгуунун жолдору каралган жоболорун жана дүйнө мамлекеттери менен алакаларды эл аралык укуктардын алкагында жүргүзүү даярдыгын белгилеп кетээр элем”, -дейт Эднан Карабаев. Тышкы иштер министри ошондой эле кыргыз президенти Курманбек Бакиев шайлоодо жеңишке жетиши менен Б.Обамага куттуктоо телеграммасын жибергенин маалымдады. (MSu)

XS
SM
MD
LG