Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Чукул чара көрүлбөсө Ноокаттагы окуя Ошто да кайталанышы ыктымал


Мындай пикирин Кыргызстандын экинчи борборундагы диний кырдаалга арналган жыйында Ош шаардык мэриясынын социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Курманбай Ташибаев билдирди. Анын айтымында, калаадагы окуучулардын 40 пайызы гана сабакка катышып, калгандары мечиттерге каттап жаткандыгы туурасында ишенчимдүү маалымат бар. Кейиштүүсү – тыю салынган диний-экстремисттик маанайдагы Хизб-ут Тахрир партиясынын өкүлдөрү менен дааватчылар биригип кеткен учурлар толтура. Коомдук ишмер Авазбек Асановдун ою боюнча, тыю салуунун акыбети ушул болду. Ошондуктан мектептерге милдеттүү түрдө диний агартуу сабактарын кийирип, ар кандай агымдар, секталар жана алардын оң-терс жактары туурасында окуучуларга калыс маалымат берилип турса, мындан мамлекет утаары шексиз.


Быйылкы Орозо айт күнү, 1-октябрда Ноокат районунда тополоң чыгып, райондук акимчиликтин имараты таш бараңга алынганы белгилүү. (ATo)

XS
SM
MD
LG