Бул тууралуу Революциялык кыймылдын мүчөлөрү билдиришүүдө. Кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун айтымында, атайын даярдыктан өткөн машыккан аскерлер эки тик учак менен Талас шаарына борбордон алынып келинди. Бирок мындай маалыматты Талас облусунун расмий адамдары тастыктаган жок. Революциялык кыймыл 18-ноябрда Талас шаарында жалпы элдик жыйын уюштурууну жарыялап, ошондон бери ага карата болуп көрбөгөндөй бут тосуулар уюштурулуп келатканын айтып келишет. Айта кетсек, кечээ күнү “Ауди-100” үлгүсүндөгү Революциялык кыймылдын бир мүчөсүнүн унаасын белгисиз адамдар өрттөп кетишкен. Ошондой эле элдик жыйындын уюштуруучуларынын айтымында, аларга карата коркутуп-үркүтүүлөр күч алып, кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев баш болгон адамдардын айдоочу күбөлүгүн күч органдары тартып алышкан. Т.Тургуналиевдин айтымында, жыйынга тыштан келаткан адамдарды Талас шаарына киргизбөө аракеттери жүрүп жатат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жалпы элдин коопсуздугун сактоо максатында, күч органдары адаттагыдай эле иштеп жатканын айтышууда. (IJz)