Бүгүн биринчи май райондук милициясы укук коргоочу Максим Кулешовду кайрадан кармап кетишти. Кулешов бүгүн “Демократиянын көчө сабактарынын" кезектеги акциясына чыккан. Акцияны Улуттук Банктын Жалалалабад филиалынан 2005-жылдын мартында уурдалып, дайынсыз жоголгон 23 млн. сомго байланыштырган. Кулешовго өткөн аптада уюштурган “көчө сабактары” үчүн 1-май райондук соту мыйзам бузду деп 2 миң сом айып салган болчу. Бул ирет соттун чечими кандай болору али белгисиз. (BuS)