Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү турак-жай куруу үчүн 8 гектардан ашык жерди ажыратып берүүнү өтүнүштү. Маселе үч жылдан бери созулууда. Алар өкмөттүн токтому аткарылбаганына, төрөпейилдик иш ыкмаларына нааразы болушту. Өкмөт айылдын социалдык маселесин чечүү үчүн канаттуулар фабрикасындагы 27 гектар жерди Жалал-Абат шаарынын карамагына өткөрүү токтомун чыгарган. Ал жер шаардыктарга бөлүнүп, фабрикада мурда иштегендер четте калган. Бийликке ишеним калбагандыгын жана анын иш-аракетине капа болгон адамдар оппозициянын 29-ноябрга күтүлгөн курултайына катышаарын «Азатыкка» билдиришти. Аларды кабыл алган губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов маселени жума күнү кароого убада берип, ал күнү бир гана адамдын келүүсүн өтүндү. Облбийликтин жооптуу кызматкери жер маселеси кээ бир адамдардын кызыкчылыгы менен чечилбей келаткандыгын курултайга баруу ар кимдин өз эрки экендигин айтты. (YA)