Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Президент Өкмөт президиумун түзүү демилгеси менен чыкты


Президент Курманбек Бакиев бүгүн өткөн жумушчу жыйында өкмөт түзүмүн өзгөртүүгө байланышкан маселени тез чечүүнү премьер министр Игорь Чудиновго тапшырды. Өкмөттүн атынан тез чечим кабыл алууга жөндөмдүү президиум түзүү боюнча президенттик администрация менен бирге чукул арада сунуш берүү керек деди президент. Президент Бакиев ошондой эле дүйнөлүк кризистин алдын алуучу негизги төрт чараны белгиледи. Алар биринчи кезекте менчикке укукту коргоого, ишкердикти жөнгө салууга, ишкердиктин шарттарын жөндөөгө, ишкердикке мамлекеттин колдоосун күчтөндүрүүгө багытталат. (BuS)

XS
SM
MD
LG