Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Ишкерлер кымбат электр алууга даяр


Кыргызстандагы ишкер чөйрө өкүлдөрү электр энергиясын коммерциялык баа менен сатып алууга даяр. Бул жөнүндө Эл аралык ишкер кеңештин директорлор кеңешинин төрагасы Азамат Мурзалиев билдирди. Анын айтымында, кеңешке мүчө ишканалар “Түндүк электр” ишканасы талап кылгандай күнүнө электр энергиясын пайдаланууну 30 пайызга кыскарта албайт. Эгер кыскартса жабдуулар иштен чыгып, токтоосуз иштөөнү талап кылган өндүрүш жабылат. Президент Курманбек Бакиев энергетика тармагындагы мындай абалга алып келген жетекчилерди жазалап, алардын ордуна тажрыйбалуу адистерди тартууну кечээ өкмөт башчыга тапшырды.(BD)

XS
SM
MD
LG