Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Кыргызстанда балдар адабияты жетишсиз


Бул туурасында “Азаттыкка” педагог-журналист Абдыкерим Муратов билдирди. Анын айтуусунда, учурда балдар үчүн акын, жазуучулар ыр жазганы менен аларды чыгаруу татаал болууда. “Бизде ыр жазган жазуучуларыбыз, балдар үчүн сүрөт тарткан сүрөтчүлөрүбүз, жакшынакай китептерди чыгара турган полиграфиялык базабыз бар. Бирок алардын башын бириктирип китеп чыгаруучу мамлекеттик басма жок. Ал эми ар бир эле автордун өз каражатына балдар үчүн көп нускада кызыл-тазыл сапаттуу китептерди чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок”, - дейт Абдыкерим Муратов. Учурда Кыргызстанда бөбөктөргө арналган жалгыз гана “Байчечекей” журналы чыгат. Ал да болгону 2-3 миң нускада гана жарык көрөт.(AzK)

XS
SM
MD
LG