Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Түркмөнстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы "эки-үч" күндүн ичинде чыгат


Бул тууралуу өлкөнүн шайлоо коммиссиясынын башчысы Мурат Карыев билдирди. Расмий маалыматка караганда, кечээги добуш берүүгө 2,5 миллион шайлоочунун дээрлик 94%ы катышкан. Парламенттеги 125 орун үчүн ат салышкан 288 талапкердин баары - азырыкы президент Гурбангулу Бердымухаммедовдун саясатын колдогондор. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоо салуу үчүн өзүнүн сегиз гана экспертин жөнөткөн. Четтен келген байкоочулардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн болушту жана алар шайлоону "адилет жана ачык" деп мүнөздөштү. Батыш журналисттеринин шайлоону чагылдыруусуна уруксат берилген жок.

XS
SM
MD
LG