Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

"Ак жол" фракциясынын айрым депутаттары жарым жылдан бери жок


“Ак жолчулардын” парламент отурумуна толук катышуусу тууралуу маселени парламенттеги СДП фракциясынан Иса Өмүркулов көтөрдү. Ал ошондой эле Каржы министрлиги сунуштап жаткан үч жылдык бюджетти кароонун кажети жоктугун айтып, кыргыз өкмөтүнүн дүйнөлүк экономикалык кризиске карата алдын ала планы жоктугун белгиледи. Ал ошондой эле жергиликтүү кеңештердин бюджетин өзүнчө бөлүп, эки баскычтагы бюджетке өтмөйүнчө өлкөдө кырдаал оңолбостугун билдирип, өкмөттүн структурасы өзгөрмөйүнчө эч кандай натыйжа болбостугун кошумчалады. Учурда парламентте 2009-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG