Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Мамкатчы маданият кызматкерлери менен жолугушту


Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол маданият тармагындагы кеңештердин өкүлдөрү менен жолугушуп, мамлекет менен биргеликте иштешүүгө бөгөт болгон жагдайларды жоюу чараларын көрүүнү Маданият жана маалымат министрлигине тапшырды. Маселен, кино ишмерлер кеңешинин өкүлдөрү режиссерлор жараткан кинофильмдерин Бишкектин кинотеатрларында көрсөтө албай жаткандыктарын, ага театрларды арендага алган адамдар акы төлөөнү талап кылып жатышкандыгын айтышты. Жазуучулар кеңешинин өкүлдөрү болсо китеп басып чыгарууга мамлекеттик колдоо зарыл деп сунушташты.(BD)

XS
SM
MD
LG