Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Аббас Чеченстанда болду


Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас жекшемби күнү бир күндүк сапар менен Чеченстанда болду. Бүгүн Москвада ал орус президенти менен жолугат.

Махмуд Аббас Грозныйга жекшембиге караган түнү саат бирлерде учуп келди. Аэропортто аны президент Рамзан Кадыров өзү тосуп алды.

“Чечен республикасына келгениме курсантмын, бул жерде мен өзүмдү боордоштор арасында турганымдай сезем”,-деп айтты Аббас аэропортто. Республиканын кайра жаралып келатканына да Аббас курсантчылыгын билдирип, мындан ары колдон келсе бул жерге көбүрөөк келип-кетип турганга сөз берди.

Рамзан Кадыров өз кезегинде Аббастын визитин республика үчүн маанилүү окуя катары баалап, палестин лидеринин өз жеринде жүргүзүп жаткан саясатына толук колдоо билдирди.

Аббасты аэропорттон Кадыров түз эле резиденциясына алып барып,бул жерде ага сый тамак берди. Андан соң мартабалуу конокко элдик ансамбл концерт тартуулады. Концерт аяктаган соң Аббасты Рамзан Кадыров өзүнүн туулган айылына – Центрой кыштагына алып барды. Бул жерде алар мурдагы президент Ахмад Кадыровдун кабырында болуп, анын арбагына арнап куран окушту. “Өз эли үчүн өмүрүн берген бул адамды калк унутпайт жана бүт дүйнө урматтайт”,-деп айтты Аббас.

Ушул эле жерде палестин лидери кадеттер корпусунун иши менен таанышты. Түштөн кийин ал Грозныйдагы мечитте Кадыров менен бирге намазга жыгылды. Андан соң өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары жана башка ырасмий өкүлдөр менен жолугушту.

“Чеченстандын жаркын келечегине ишенем, - деп айтты Аббас.- Бул үчүн чечендер өтө чоң кун төлөштү, ошондуктан алардын жакшы турмушта жашаганга толук акысы бар”.

Аббасты Грозныйга келип-кетүүгө декабрдын башында Кадыров чакырган эле. Жекшемби күнү кечинде Аббас Москвага учуп кетти. Бүгүн бул жерде ал президент Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG