Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

АКШ аскерий аба базасынын кеңейтилүүсү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес


Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев “Независимая газетага” берген маегинде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирген. Мамлекет башчы “Манас” эл аралык аэропортуна жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн аскерий аба базасы башында эки-үч жылдык мөөнөт менен, Ооганстандагы согуш аяктаганча турат деген маселе коюлгандыгын, бирок андан бери жети жылдын жүзү болгондугун да белгилеген.Ал эми мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаков АКШ авиабазасын Кыргызстандан чыгаруунун кереги жок, ал өлкөгө экономикалык гана эмес аскерий жактан да жакшы жардам берет деп билдирген. Анын айтымында, батыш мамлекеттеринде чыгарылып, авиабазада колдонулган аскерий техникалар Кыргызстандын куралдуу күчтөрү үчүн жакшы тажрыйба жана үлгү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG