Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Оштогу конференцияда аялдардын мамлекеттик кызматтарга аз тартылып жатканы айтылды


Аялдардын Ош облустук конференциясында ушундай пикирлер көбүрөөк айтылды. Мындан тышкары делегаттар ар бир айылда жана мектепте кыз-келиндердин баштапкы уюмдарын жандандыруу, аларды ар тараптан мамлекеттик колдоону күчөтүү маселелерин да көтөрүштү. Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө жергиликтүү аялдар кеңеши жөнүндө жобо талкууланып, бекитилди. Соңунда облустук аялдар кеңешинин курамы көрсөтүлүп, төрайымдыгына вице-губернатор Гүлайым Машрапова шайланды.
Ош облус губернатору Аалы Карашев аялдардын мамлекеттик кызматка аз тартылып жаткандыгына макул эместигин билдирди. Анын баамында, жергиликтүү бийлик башчыларынын дээрлик бардык орун басарлары болуп аялзатынын өкүлдөрү дайындалган. (ATo)

XS
SM
MD
LG