Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

БЭКтин улуттук кеңеши 12-январда жыйын курат


Анда саясий кеңештин чечимин талкуулап, бекитет. Бүгүн түштөн кийин өтө турган саясий кеңеш энергетикалык обьектилерди менчиктештирүү, Кыргызтелеком ишканасын сатуу боюнча өкмөттүн демилгесин талкуулап, ага каршылык көрсөтүүнүн жолдорун тандайт. Бул тууралуу бүгүн БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Кыймылдын жобосунда көрсөтүлгөнгө караганда саясий кеңеште БЭКке мүчө уюмдардан бирден өкүл, ал эми улуттук кеңешке үчтөн өкүл киргизилген. 26-декабрда түзүлгөн бул БЭКке оппозициялык төрт кыймыл, 7 партия киргенин оппозиция мурда жарыялаган. (BuS)

XS
SM
MD
LG