Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:54

Орусия менен Украинанын газ чатагын чечүүгө Европа аралашууда


"Нафтогаздын" башчысы Олег Дубина
"Нафтогаздын" башчысы Олег Дубина

Орусия менен Украинанын газ чатагы бүгүн Европанын күн тартибиндеги башкы маселеге айланды. Жыйындар менен сүйлөшүүлөр Брюсселде, Прагада өтүүдө. Мунун алдында Орусия менен Украинанын мамлекеттик газ компанияларынын башчылары өткөн түнү Москвада жолугушкан. Бейшембиде алар Брюсселге барышты.

Еврошаркет өлкөлөрү газга болгон жалпы муктаждыгынын төрттөн бир бөлүгүн же 25%дайын Орусиядан алат. Ал көгүлтүр оттун 80%ы Европага Украинанын аймагындагы куурлар аркылуу келет. Орусия 1-январдан тарта Украинага газ берүүнү токтоткондон кийин оболу Түштүк -Чыгыш Европанын, ал эми ушул шаршембиден тарта Борбордук жана Батыш Европанын өлкөлөрүнө Орусия газынын Украина аркылуу агуусу такыр эле токтоду.

Кыш чилдеси өкүм сүрүп турганда түзүлгөн мындай жагдай европалык өкмөттөрдү бозортуп, катуу камтамачылыкка салды. Муну "жол берилгис" деп атаган Еврошаркет кризис тутангандан бери эле Орусия менен Украинаны чатагын тезинен жөнгө салып, көгүлтүр оттун агымын калыбына келтирүүгө чакырып жатат.

Киев менен Москва болсо түзүлгөн кырдаал үчүн бири-экинчисин күнөөлөп келүүдө. Маселен, орусиялык тараптыр ырастоосунда, ал Европага Украина аркылуу газ жөнөтүүнү украин тарап көгүлтүр отту уурдап жатканынан улам токтотууга аргасыз болду. Киев болсо уурдоо фактысын такыр эле четке кагып, Москва транзиттик газды башынан тарта эле азайта баштаганын айтат.

Кечээ эки өлкөнүн президенттери Виктор Ющенко менен Дмитрий Медведев телефондон сүйлөшкөн. Эки президенттин телефон сүйлөшүүсүнүн соңунан өткөн түнү "Газпромдун" жана "Нафтогаздын" жетекчилери Алексей Миллер менен Олег Дубина Москвада жолукту.

Бул алардын Орусия Украинага газ берүүнү токтоткон 1-январдан берки алгачкы сүйлөшүүсү болду. Бүгүн Европарламентте жасаган билдирүүсүндө Дубина өткөн түнкү жолугушууда эмне сөз болгону туралуу мындай деди:

- Биз кечээ Москвада талкуулаган биринчи нерсе, бул украин тараптын шарты эмес өтүнчү болду, биз Орусиянын Европага газ транзити тезинен калыбына келүүсүн каалаганыбыз. Украина алып жаткан газын толугу менен өзүнүн Батыш чек арасына берүүгө милдеттүү. Бирок газ транзиттөөчү системаны кармоо үчүн кандайдыр бир өлчөмдөгү газды колдонуу талап кылынат. Андыктан биз силердин туура түшүнүүңөрдү өтүнөбүз. Европага газды транзиттөө, Европага газды жетүүсү бир аз өлчөмдө техникалык газ керектелет дегенди да туюндурат.

"Нафтогаздын" жетекчиси Европарламенттеги сөзүндө ошондой эле президенттер Дмитрий Медведев менен Виктор Ющенконун кечээги телефон сүйлөшүүсүндө Украина орусиялык газды уурдап жатат деген айыптоолордон арылуу үчүн эки тарап биргелешкен комиссия түзүүсү керектигин макулдашкан. Орусиядан Украинага келүүчү газ агымына чек арада байкоо салып туруу үчүн Еврошаркет да өз адистерин жөнөтүүнү сунуш кылып, андай байкоочуларды кабыл алууга кечээ Орусия да, Украина да макулдук берген.

Украина менен Орусиянын газ компания башчыларынын Брюсселге сапары ушул маселени да талкуулоого багытталган.

Ал эми Европарламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин бүгүнкү чукул жыйынына "Газпромдун" да, "Нафтогаздын" да башчысы келүүсү белгиленген эле. Бирок "Азаттык" жана "Эркин Европа" радиосунун Брюселдеги кабарчысынын маалыматына караганда, Европаламенттеги жыйын башталган кезде ал жерде "Нафтогаздын" башчысы Олег Дубина гана отурду, "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер көрүнгөн жок.

Европарламенттин тышкы иштер комитеттин төрагасы Яцек Сариуш-Вольски өз сөзүндө буларды айтты:

- Башында коммерциялык катары кабылданган бул талаш энергия коопсуздугу боюнча олуттуу кризиске айланды. Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн жарымынан көбү ага тартылды жана жабыр тартууда.

Европарламенттеги чукул сессияга Украинадан өкмөт башчынын орун басары Григорий Немура, Орусиядан парламенттин тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев да катышууда.

"Газпромдун" башчысы Алексей Миллердин Брюсселде Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануель Барросо менен кездешүүсү белгиленген. Бирок Миллер менен "Нафтогаздын" башчысы Олег Дубина Брюсселде Еврошаркеттин энергия тармагын тейлеген жетекчилери менен үч тараптуу жолугушуу өткөрөр-өткөрбөсү белгисиз.

Айтор ич ара талашында Киев да Москвада Еврошаркеттен колдоо издегендей. Бирок Брюссель тараптардын бирине жан тартуудан баш тартып, алар ич ара талашын чече албоо менен ишенимдүү ишкер өнөктөш катары өз беделине доо кетирип жатканын айтууда.

Бул аралыкта Прагада Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери өзүнчө жыйынга чогулууда.

Ал эми газ жетпей калган Европанын Түштүк-Чыгышындагы Болгария жана Сербия сындуу өлкөлөр жылытуу тармагын сактоо үчүн чукул чараларды көрүүсүн улантып жатышса, Германия жана Франция сыяктуу Батыштагы өлкөлөр мурда топтоп койгон корлоруна кол салууга аргасыз болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG