Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Алайлыктар президенттен саясий куугунтукту токтотууну сурашты


Алай районунан 300 чамалаш тургундун колу коюлган катта мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков мамлекеттик кызматтагы көрпенделиги жок, бирден-бир таза адам деп бааланган жана Конституциянын кепили катары президенттен акыйкатсыз доомат коюуну токтотууга таасир этүүнү суралган. Башкы прокуратура кечээ Кылмыш кодексинин 171-берененинин 3-жобосу боюнча мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп кылмыш иши козголгондугун маалымдады. Исаковго жасалма документ аркылуу коргоо министрлигине таандык батирди өзүнүн уулуна алып берген деген кине коюлууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG