“Набуко” аттуу газ кууру аркылуу көгүлтүр отун Каспий аймагы же Жакынкы Чыгыштан Европага Орусияны кыйгап, Түркия аркылуу өтмөкчү. Брюсселде Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Еврокомиссиянын жетекчиси Жозе Мануэл Баррозу менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, расмий Анкара “Набукко” долбоорун ар тараптан колдой турганын белгиледи.